13 миң кыргызстандык өткөн жылы чет мамлекеттерде расмий түрдө  ишке орношту

13 миң кыргызстандык өткөн жылы чет мамлекеттерде расмий түрдө  ишке орношту.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар кепилденген маяна жана социалдык жеңилдиктер каралган жумуш орундары менен камсыздалды.

 

Бардыгы атайын окутуудан дагы өткөн. Эске салсак, учурда министрликтин линиясы менен расмий түрдө Россия, Улуу Британия, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкөлөрдө ишке орношууга болот.