Бишкекте кулатуу боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте кулатуу боюнча чемпионат өтөт. «WEF Global 16» турнири Бахрейн өлкөсүнүн «Brave Combat Federation» уюму менен биргеликте уюштурулууда. Октагонго кыргызстандык Акжол Табылды уулу менен UFC уюмунун экс-чемпиону — щвециялык Андреас Стахл чыгат. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулунун атаандашы UFC уюмунун экс-чемпиону — бразиялык Леонардо Мафра болот. Белгилеп… Кененирээк…

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады. Бул маалыматты Кара-Буура айыл өкмөт башчысы Арген Бекболотов тастыктайт. Анын айтымында, райондун кире беришиндеги унаа бекетти оңдоо иштерине жергиликтүү демөөрчүлөрдөн, Талас облусун өнүктүрүү фондунан жана айыл өкмөттүн бюджетинен жалпы 2 миллиондон ашык каражат топтолду.

Парламентте өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа берүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Парламентте өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа берүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына 11 депутат кирди. Алар бөлүштүрүүчү энерго компаниялардын иши, электр энегриясын жоготуу көлөмүн көзөмөлдөшөт. Ошондой эле дебитордук карыз, коррупциялык схемалардын таасири, электр энергиясын эсептөөдө автоматташтырылган ыкманы колдонуу маселелерин карап чыгышат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ага караганда, 9-декабрдан баштап карыздар жөнүндө Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө маалыматты берүү боюнча сервис иштеп баштайт. Бул электрондук кызмат субъекттер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана кезекте туруу зарылдыгы… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду. Анын баасы 15 миллион доллардан ашат. Бийиктиги 6 метрге жеткен токой сулуусун жасалгалоогог 3 миң даана Сваровски кристаллдары жумшалды.   Андан тышкары, балатыга төө куштун алтын жалатылган жумурткалары илинген. Ошондой эле, жаңы жылдын башкы символу бриллиант жана башка баалуу… Кененирээк…

Жаңы жылдын алдында Мамлекеттик экотехинспекция пиротехника сатуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Жаңы жылдын алдында Мамлекеттик экотехинспекция пиротехника сатуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, учурда инспекторлор өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө өрт коопсуздугу боюнча эскертмелерди жиберүүдө.   Талаптар аткарылбаса, Экономика министрлигинен уруксаат алынып, фейерверк саткан түйүндөрдө кылдат текшерүү жүргүзүлөт.

Гүлчө айылындагы аскердик бөлүктө болгон окуяга байланыштуу дивизиянын начальниги Бердибек Асанов ордунан бошотулду

Ош облусунун Гүлчө айылындагы аскердик бөлүктө болгон окуяга байланыштуу дивизиянын начальниги Бердибек Асанов ордунан бошотулду. Ошондой эле, иштен аскер бөлүктүн командири Мелис Бошкоев алынды. Генералдык штабдан билдиришкендей, алар кызматта тартиптин сакталышын камсыздаган эмес.   Жаңы командир болуп Урматбек Исаков дайындалды. Эске салсак, аскер бөлүгүнүн ишин… Кененирээк…

17-декабрда Кыргызстандын 3 районунда айыл өкмөттөрүн шайлоо өтөт

17-декабрда Кыргызстандын 3 районунда айыл өкмөттөрүн шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдун маалыматына ылайык, кеп, Нарын облусунун Ак-Моюн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Үч-Коргон айыл өкмөттөрү тууралуу болуп жатат.   Айыл өкмөттөрдүн буга чейинки башчылары өз каалоосу менен жазган арызына ылайык, иштен кетти.

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 айда эле дээрлик 500 авария катталды

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 айда эле дээрлик 500 авария катталды. Алар   84 адамдын өмүрүн алды. Жол кырсыктары басымдуу учурларда ылдамдыкты ашыруу, жол чийиндерине баш ийбөө жана машиненин техникалык абалынын начар болушунан улам келип чыгат.   Куткаруучулар трассанын кооптуу тилкелеринде тынымсыз нөөмөттө турушат. Жолчулар болсо,… Кененирээк…

Баткен шаарында жаңы типтүү мектептин курулушу башталды

Баткен шаарында жаңы типтүү мектептин курулушу башталды. Ал Кызыл-Дөң конушунда орун алып, 375 окуучуга чакталат. Окуу имаратын курууга Сауд өнүктүрүү фонду 84 миллион  сом грант бөлүнгөн.   Өкмөттүн аталган облустагы  өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштер 2020-жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, мектеп ошондо колдонууга берилет.  Кошумчалап кетсек,             2020-2021-жаңы окуу… Кененирээк…