Кыргызстандыктар жыл башынан бери 106 миллиард сом насыя алышты

Кыргызстандыктар жыл башынан бери 106 миллиард сом насыя алышты. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, анын ичинен 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар беришкен.   Алынган насыялардын басымдуу бөлүгү соода чөйрөсүнө жана айыл чарбасына жумшалды. Аймактарга бөлүп айта турган болсок, эң көп насыя алгандар Бишкекте… Кененирээк…

Instagram жаңы функциясын кое берди

Instagram жаңы функциясын кое берди. Ал “сторис” бөлүмүнө 15 секундалык видеолорду жүктөөгө шарт түзөт. Аны дароо ошол жерден монтаждап, ылдамдыгын өзгөртүп, эфекттерди кошуп, музыка менен коштоп койсо болот.   Учурда жаңычылдык Бразилияда гана жеткиликтүү. Жакынкы арада функция бүт дүйнө боюнча жайылтылат.

Бишкектин бир бөлүгүндө газ жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө газ жок болот. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 10-декабрдан 13-декабрга чейин көгүлтүр от Чуйков, Үмөталиев, Шевченко көчөлөрүндө, Көк-Жар айылында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

4 көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө 120 видео камера орнотулду

4 көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө 120 видео камера орнотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарипм Алимбаев билдирди. Анын айтымында, алар учурда “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана “Достук” өткөрүү түйүндөрүндө иштеп жатат.   Чек арачылардын иши күнү-түнү эми байкоо алдында. Бул мамлекеттик чек араны кайтарууну жакшыртып, мыйзам… Кененирээк…

“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда

“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда. Өзгөчө кырдалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда 94 куткаруучу иштеп жатат, алардын ичинде кинологдор, альпинисттер бар.   Ошондой эле, 35 атайын техника тартылды. Куткаруу операциясы жүрүп жаткан жерде радиациялык фон улам текшерилүүдө. Көрсөткүчтөр нормада.   Эске салсак, 1-декабрда “Кумтөр” кенинде… Кененирээк…

Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды

Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ Айтматов проспектинде Тойота Камринин айдоочусу айнектен курал чыгарып, асманга аткан.   Издөө жарыяланып,  23 жаштагы эркек кармалды. Ага карата “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Кармалган адамдан «МР-371»… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга жогорулайт

Жаңы жылдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Ал белгилегендей, учурда тратип сакчылардын орточо  маянасы 8-15 миң сомду түзөт.   1-январдан тарта алардын айлыгы 18-20 миң сомго жеткирилет. Негизги айлыктан тышкары, укук коргоо органдарынын ардагерлерине пенсияларды… Кененирээк…