Ак-Ордо конушунда 300 көчөт туя отургузулду.
Бул тууралууу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Ал көчөттөрдү «Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын кызматкерлери
Ак-Ордодогу Гагарин менен Тагай Бий көчөлөрүнүн кесилишинде отургузушту.
Жазында ал жерге дагы бак отургузуу пландалып жатат.
Учурда көчөттөр жылууланып, камкордук менен каралууда, — дешти муниципалитеттен.