Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон

Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон. novosti.kgге Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендеш тууралуу азырынча так маалымат түшө элек. Белгилүү болгондой, ал жараат алып, учурда ооруканада.

 

Кыргызстандын Генералдык консулдугунун кызматкерлери ага жөнөп кетти. Эске салсак, Алматадан Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулады. Бортто 98 адам болгон. Учурга карата 15 киши каза болгону айтылууда.