Бишкектиктердин көбү курулуш иштерине арызданышат. Биздин радиого ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, өткөн жылы шаар тургундарынан бул суроо боюнча 704 даттануу келип түшкөн.
Экинчи орунда турак-жай коммуналдык кызматынын ишине карата нааразылыктар турат – 614 арыз, ошондой эле бишкектиктер коомдук транспортуна көп арызданышкан -370 даттануу келип түшкөн.
Муниципалитеттен белгилешкендей, жалпысынан өткөн жылы 2 миң 41 арыздануу катталса, анын 1,5 миңден ашык учуруна ордо калаа бийлиги жооп кайтарган.