Apple рекорддук кирешеси тууралуу жар салды. Жыл башынан бери компаниянын кирешеси 9 пайызга өсүп, дээрлик 92 миллиард долларга жетти. Бул компаниянын тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет.
Apple дин жетекчиси Тим Куктун айтымында, бул iPhone 11 смартфондоруна жана башка аксессуарларга суроо-талап чоң болгонуна байланыштуу болду.