Жарандардын даттанууларынан улам, өткөн жылы 58 салыкчы жазаланды

Жарандардын даттанууларынан улам, өткөн жылы 58 салыкчы жазаланды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, былтыр салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн.

 

Алардын 119у салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу болгон. Ал эми ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы боюнча  29 маалымат түшкөн. Калганы ар түрдүү маселелер.