Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк-бөрү тайказансыз ойнотулат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк-бөрү тайказансыз ойнотулат. АкиПресс жазгандай, мындай чечим Этноспорт эл аралык форумунда кабыл алынды. Андагы добуш берүүдө тайказанга Кыргызстан эле макул болуп, калган катышуучулар каршы чыкты.   Белгилеп кетсем, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга таандык. Бирок аны башка мамлекеттерге өткөрүп берүү… Кененирээк…

Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт

Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ведомство алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт. Ал эми жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча чыккан өкмөттүн токтому беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү.   Дарыгерлер 2-январь күнү эле жумушка… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасын эми Марат Пирназаров жетектейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасын эми Марат Пирназаров жетектейт. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 39 жаштагы Пирназаров буга чейин Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматын жетектеген.   Ошондой эле, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болчу. Эске салсак, мамлекеттик ишкананын буга чейинки… Кененирээк…

Италияда салттуу Венеция карнавалы коронавирус үчүн өткөрүлбөй калды

Италияда салттуу Венеция карнавалы коронавирус үчүн өткөрүлбөй калды. Чектөөлөр 1-мартка чейин киргизилди. Венето облусунун губернатору Лука Дзайя түшүндүргөндөй, аймактагы жарманке жана музейлер дагы убактылуу иштебейт.   Эрежелер бүгүн түндөн баштап күчүнө кирди.

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, аскер кызматын өтөп бүткөндөр аскер запасына кетирилип, кезектеги жоокерлерди кабыл алуу башталат.   Жазгы чакырык марттан май айларына чейин созулат. Аскерге 18 жашка толгон эр-азаматтар, кызмат өтөөдөн бошотула албагандар алынат. Жоокерлер… Кененирээк…

Юридикалык тараптарда декларация тапшырууга 6 күнү калды

Юридикалык тараптарда декларация тапшырууга 6 күнү калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-мартка чейин кирешеси тууралуу отчетторду юридикалык жактар, ал эми 1-апрелге чейин бардык физикалык жактар, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер  бериши керек.   Декларацияны өз убагында тапшырбагандар 1 миң сомдон 5 миңге чейин айып… Кененирээк…

АКШ Кыргызстанга коронавирусту алдын алуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтөт

АКШ Кыргызстанга коронавирусту алдын алуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтөт. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкекке медициналык беткаптардан, мээлейлерден, коргоочу халаттардан жана дезинфекциялык каражаттардан турган жүк жеткирилет.   Ведомстводон белгилешкендей, эки тарап коронавирусту алдын алуу боюнча башка чараларды дагы көрүүнү караштырып жатат. Кошумчалап кетсек, Кытайда вирус 2… Кененирээк…

Белгилүү спорт бренди боосу өзү байлана турган бут кийим тартуулады

Белгилүү спорт бренди боосу өзү байлана турган бут кийим тартуулады. Жогорку технологиялык материалдан жасалган кроссовкилер жалпы сатыкка чыгарылды. Алар смартфон аркылуу башкарылып, блютуз менен иштейт.   Мындай бут кийимди 2 жумада бир жолу кубаттап туруу зарыл. Алардын баасы 28 миң сомго чукул.

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Садырбаев, Абдрахманов, Гагарин, Осмонов, Кривоносов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Учкун конуштарында, Асанбай кичи районунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Балбан Улукбек Жолдошбеков Азиянын чемпиону болду

Балбан Улукбек Жолдошбеков Азиянын чемпиону болду. “Биргелешкен күрөш дүйнөсү” уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттешти ийгиликтүү өткөрүп, алтын медаль тагынды.   Буга чейин бул мелдеште күрөштүн ушул эле түрүнөн 22-февралда кыргыз балбаны Арсалан Будажапов Азия чемпиону аталган.… Кененирээк…