Салыкчылар бүгүнтөн тарта Бирдиктүү декларацияны түн жарымга чейин кабыл алууда

Салыкчылар бүгүнтөн тарта Бирдиктүү декларацияны түн жарымга чейин кабыл алууда. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-мартка чейин кирешеси тууралуу отчетторду юридикалык жактар, ал эми 1-апрелге чейин бардык физикалык жактар, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер  бериши керек.

 

Декларацияны өз убагында тапшырбагандар 1 миң сомдон 5 миңге чейин айып төлөөгө аргасыз болот.