Кыргызстандагы калкты каттоо милдеттүү түрдө өтөт.
Улуттук статистика комитетинен novosti.kgге билдиришкендей,
ар бир кыргызстандык жеке маалыматын берүүгө тийиш.
Каттоочунун суроолоруна жооп бербеген жаран 3 миң сом
айып төлөөгө аргасыз болот. Эске салсак, Кыргызстандагы
калкты каттоо 23 марттан 1-апрелге чейин өтөт.
Ишке 20 миңден ашык адам тартылат.