Ордо калааны адистер жазга карата даярдап жатат

Ордо калааны адистер жазга карата даярдап жатат. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бктарды тигүүгө кам көрүүдө. Анын кызматкерлери бул үчүн жерди түздөп, таштарды терип, аймакты таштандыдан арылтууда.   Учурда иштер Профсоюзная көчөсүндө жүрүп жатат. Күн жылыры менен 300дөн ашык ийне жалбырактуу бактардын көчөтү тигилет.

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Мэриянын маалыматына ылайык, айкелдин бийиктиги 3 метрге жетет. Ал Маданият министрлигинин алдында, Чүй проспектинин Эркиндик гүлбагынын кесилишинен алыс эмес жерде орнотулат.   Учурда долбоор Бишкек башкы архитектура менен макулдашуудан өтүп жатат.

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта бизнес-акыйкатчы институту иштеп баштады

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта бизнес-акыйкатчы институту иштеп баштады. Бул тууралуу 24 агенттигине ишкерликти коргоо органынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Эми жеке ишкерлер бул институтка ар кандай маселелер боюнча кайрыла алат.   Кийинки жумада ведомствонун расмий сайты ишке кирип, арыздар же сунуштар онлайн кабыл алына баштайт. Бизне  с-акыйкатчы… Кененирээк…

Бишкекте кийинки жумада өтө турчу хоккей боюнча 4-дивизиондук чемпионат май айына жылдырылды

Бишкекте кийинки жумада өтө турчу хоккей боюнча 4-дивизиондук чемпионат май айына жылдырылды. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай чечим дүйнөдө коронавирус боюнча абал улам курчуп бара жатканына байланыштуу.   Буга чейин Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотула турган күрөш боюнча турнир дагы жылдырылганы маалымдалган. Бул ири… Кененирээк…

Италиядан келген кыргызстандыктарда коронавирус аныкталган жок

Италиядан келген кыргызстандыктарда коронавирус аныкталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, аталган мамлекеттен келгендерди дарыгерлер текшербей койду деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Жарандар өлкө аймагына киргенде дене табы текшерилип, коронавируска анализ алынган – жыйынтыктар жакшы чыкты. Андан улам, алар карантинге алынбай, дароо үйлөрүнө кое берилген,… Кененирээк…

Кытай миллиардерлердин саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат

Кытай миллиардерлердин саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Буга чейин  эң бай адамдардын саны боюнча АКШ лидер болуп келген. Жыл ичинде Кытайда миллиарддарга ээ болгон адамдардын саны 182ге өсүп, жалпысынан 799 миллиардер катталды.   Ал эми АКШ 626 миллиардер жараны менен 2 орунду ээлейт.

Юридикалык жактар салык декларациясын бүгүн жана эртең тапшырып калууга жетишиши керек

Юридикалык жактар салык декларациясын бүгүн жана эртең тапшырып калууга жетишиши керек. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, былтыркы жылдын кирешеси тууралуу отчетту кабыл алуу 1-мартта токтотулат.   Декларация түнкү саат 12ге чейин кабыл алынууда. Жетишпей калгандарга 1 минден 5 миң сомго чейин айып салынат.

Кыргызстанда транспорт үчүн электрондук паспорт системасын киргизүү пландалып жатат

Кыргызстанда транспорт үчүн электрондук паспорт системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бирдиктүү системага өтүшү керек.   Транспорт каражаттарынын электрондук паспортунда унаа туурасында бардык маалыматтар болот. Үлгүсү, модели, түсү, салмагы, чыккан жылы, кыймылдаткычтын көлөмү,… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус өлкө аймагында катталган жок, — деп билдиришти коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штабдан. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Январдан бери эпидемиологиялык абал курчуп турган мамлекеттерден келген жарандардын баары текшерүүдөн өтүп, карантинге алынып, ошондон кийин гана… Кененирээк…