Бишкек – Ош унаа жолунда таш түшүү коркунучу бар

Бишкек – Ош унаа жолунда таш түшүү коркунучу бар. Жалал-Абад Жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдиргендей, аталган тилкенин Кара-Көлдөн Таш-Көмүр шаарына чейинки аралыкта тынымсыз иштер жүрүүдө. Айдоочуларга этият болуу сунушталат. Белгилеп кетсек, кечээ Бишкек-Ош трассасынын 406-чакырымына көлөмдүү 3 таш түштү. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана техникалар… Кененирээк…

Акжол Сулайманбек уулу WBA Gold чемпиондук титул үчүн беттешет

Акжол Сулайманбек уулу WBA Gold чемпиондук титул үчүн беттешет. Кыргызстандык мушкер профессионалдык рингде кезектеги беттешин 7-мартта Россиянын Екатеринбург шаарында өткөрөт. Анда жалпысынан 11 мелдеш уюштурулат, анын ичинде титулдук да бар. Анда кыргызстандык спортчу менен россиялык Марк Урванов кез келет. Сулайманбек уулу учурда WBA Asia чемпиону.… Кененирээк…

Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген Кыргызстан жарандары камсыздандыруу суммасын ала алышат

Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген Кыргызстан жарандары камсыздандыруу суммасын ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул 2008-жылдан 2020-жылга чейинки камсыздандыруу суммасы кошулуп эсептелген Кыргызстан жарандарына тиешелүү. Кошумчаласак, каражатты которуу боюнча тизмеде бар жарандар Маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кайрылуусу зарыл.

Шотландияда фермер койлорду жаакка чапканы үчүн айыпка тартылды

Шотландияда фермер койлорду жаакка чапканы үчүн айыпка тартылды. Эки койго кол көтөргөнүн ал өзү дагы мойнуна алды. Жыйынтыгында, сот 59 жаштагы Уильям Браунга 550 фунт стерлинг өлчөмүндө айып салды. Койлорду жаакка чаап атканын жаныбарларды коргоо боюнча уюмдун жашыруун кызматкери видеого тартып алган.   Ал сот… Кененирээк…

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 28 миллион доллар сатты. Бул 2 ай ичиндеги үчүнчү интервенция. Жыл башынан бери жалпысынан 86,5 миллион доллар сатылды.   Белгилеп кетсек, Улуттукн банк интервенцияны америкалык валютанын серпилүүсүн алдын алуу үчүн  өткөрөт.

Кыргызстанда 5 мамлекет жарандарын киргизбей коюу сунушталып жатат

Кыргызстанда 5 мамлекет жарандарын киргизбей коюу сунушталып жатат. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, кеп, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италиянын тургундары тууралуу болуп жатат.   Бул  биздин өлкө аймагына коронавирусту киргизбөө максатын көздөйт. Бул суроо боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат. Өз кезегинде,… Кененирээк…

Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек

Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек. Мындай сунушту  Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев берди. Ал белгилегендей, буга чейин кыргызстандыктарга кооптуулуктан улам эл көп топтолгон жерге барбай турууга кеңеш берилген.   Андыктан, намазды үйдөн эле окуп туруу сунушталат. Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын аймагында… Кененирээк…

Круиздик лайнердеги кыргызстандыктан коронавирус тастыкталды

  Круиздик лайнердеги кыргызстандыктан коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыкты Япониядагы ооруканалардын бирине жаткырышты.   Кыргызстандын коронавирусту алдын алуу боюнча штабы кыргызстандык менен байланышта. Белгилеп кетсек, 3,7 миң жүргүнчүсү менен саякатка чыккан кеме 5-февралда карантинге алынган. Анын… Кененирээк…

Ошто мартта эки бала бакча колдонууга берилет

Ошто мартта эки бала бакча колдонууга берилет. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, учурда 3 бала бакча курулуп жатат.   Анын ичинен Амир-Тимур жана Түштүк-Чыгыш кичи райондорунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелери каалгаларын ушул айда ачат.   Анын бири 100 орундуу болсо, экинчиси 120 бөбөккө чакталган.

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты. Директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолдошбек Ачикеев буга чейин Улуттук электр станциялары ишканасында жетекчилик кызматтарда… Кененирээк…