Италиядан келген кыргызстандыктарда коронавирус аныкталган жок

Италиядан келген кыргызстандыктарда коронавирус аныкталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, аталган мамлекеттен келгендерди дарыгерлер текшербей койду деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Жарандар өлкө аймагына киргенде дене табы текшерилип, коронавируска анализ алынган – жыйынтыктар жакшы чыкты. Андан улам, алар карантинге алынбай, дароо үйлөрүнө кое берилген, — дешти ведомстводон.