Бишкекте кийинки жумада өтө турчу хоккей боюнча 4-дивизиондук чемпионат май айына жылдырылды

Бишкекте кийинки жумада өтө турчу хоккей боюнча 4-дивизиондук чемпионат май айына жылдырылды. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай чечим дүйнөдө коронавирус боюнча абал улам курчуп бара жатканына байланыштуу.

 

Буга чейин Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотула турган күрөш боюнча турнир дагы жылдырылганы маалымдалган. Бул ири мелдештер качан жана кайда өтөт кийин белгилүү болот.