Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат.

 

Коронавируска байланыштуу түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат, — деди Абдыгулов. Белгилеп кетсек, кечээ өлкөдө доллар дароо кымбаттап, 72 сом 73 тыйынга жетти.

 

Анын ортосунда, Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69 сом 85 тыйын бойдон турат.