АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырат

АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери ал каражаттарды колдонуу эрежелери менен тааныштырып кетет.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок. Илдеттин өлкөдө жайылуусунун алдын алуу үчүн чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.