Алдыңкы күндөрү Бишкекте жылуу аба-ырайы күтүлөт

Алдыңкы күндөрү Бишкекте жылуу аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматында, 3-апрелден 7сине чейин ордо калаада май айындай жылуу болот. Күндүз температура мамычалары 18ден 22 градуска чейин жогорулайт. Ал эми түнкүсүн +10дон төмөн түшпөйт. Бирок 8-апрелден тарта асманды кайрадан ала булут каптап, жаан жаайт. Мындан улам абанын табы… Кененирээк…

Быйыл туристтик сезондун көрсөткүчү 80 пайызга төмөндөшү ыктымал

Быйыл туристтик сезондун көрсөткүчү 80 пайызга төмөндөшү ыктымал. Мындай алдын-ала маалыматты Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирет. Анын айтымында, коронавирустун кеңири тарашынан улам, бул кырдаал бардык өлкөлөрдө байкалууда. Ведомсто жетекчиси белгилегендей, Кыргызстандагы туристтик оъектилер жабылган жок. Буга Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары да тиешелүү. Эми… Кененирээк…

Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот

Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот. Өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, кеп тез арада бузулбай турган, эң керектүү азыктар жөнүндө болуп жатат. Жардам берүүнүн 1-этабы Бишкек жана Ош шаарынын жарандарына тиешелүү болот. Андан кийин жеңилдик механизми өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашат. Ал эми азыктарды… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерин ташууга транспорт каражаттары уюштурулду

Медицина кызматкерлерин ташууга транспорт каражаттары уюштурулду. Бишкектеги дарыгерлерге 5 кичи маршруттук унаа, Чүй облусуна 3 жана Ош жергесине 10 автобус бөлүштүрүлдү. Унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Эми ведомство машинелерди каттамдар боюнча бөлүп, күйүүчү май менен камсыздайт. Зарылчылык жаралса дарыгерлерди ташуучу унааларды дагы уюштуруу каралат.

Таласта кайрадан кыш

Таласта кайрадан кыш. Талды-Булак айылында кар жаады. Бул тууралуу облустук жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган айылда кар түндө жаап баштап, азыркыга чейин токтой элек.   Анын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жетти. Белгилеп кетсек, өткөн жумада Ысык-Көлдө дагы кар жааган.

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө уруксат берүүчү кагазды мыйзамсыз жазып берүүгө шектелип кармалды

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө уруксат берүүчү кагазды мыйзамсыз жазып берүүгө шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул үчүн акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.   “Пара талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар курсу 85 сомго жакындап калды

Кыргызстанда доллар курсу 85 сомго жакындап калды.   Бир күндо эле америкалык валютанын куну 1,5 сомго көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары долларды 83 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 84 сом 50 тыйындан сатышууда.   Белгилеп кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы… Кененирээк…

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп берген.   Белгилеп кетсек, саламаттыкты сактоо министрлигин буга чейин жетектеп келген Космосбек Чолпонбаев кечээ кызматтан алынды.

Түндө өлкөдө коменданттык саатты бузган 99 адам, жети автоунаа кармалды

Кечээ кечки саат 8ден тарта эртең мененки 7ге чейин өлкө ичинде өзгөчө абал жарыяланган жерлерде коменданттык сааттын эрежесин 99 адам бузду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.   Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн… Кененирээк…

Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди

Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди.   Комендатуранын маалыматына ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ахунбаев менен Бакаевге чейин, Байтик Баатырдан Масалиевке дейре, Малдыбаев көчөсүнөн Масалиевге чейин, Тынчтык проспектисинен Масалиевге дейре жана Ахунбаевден Бакаев көчөсүнүн чыгыш тарабына чейин бөлүк тизмеге киргизилди.   Бул аймакта дезинфекция жүргүзүлүп, жарандар жана транспорт өткөрүлбөйт.