Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп берген.

 

Белгилеп кетсек, саламаттыкты сактоо министрлигин буга чейин жетектеп келген Космосбек Чолпонбаев кечээ кызматтан алынды.