Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө уруксат берүүчү кагазды мыйзамсыз жазып берүүгө шектелип кармалды

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө уруксат берүүчү кагазды мыйзамсыз жазып берүүгө шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул үчүн акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

 

“Пара талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.