Өзгөчө абал режими Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди

Өзгөчө абал режими Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет. Ага караганда, 18-марттан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирустун 430 учуру катталса, анын ичинде беш бейтап Нарын шаарына, 19у Ат-Башы районуна туура келет. Өзгөчө абал режими аталан аймактарда эртеңден… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды

Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул чара Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу. Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Сузак жана Кара-Суу райондорунда киргизилген өзгөчө абал эртең 15-апрелде аяктамак.

Кыргызстанда окуучуларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда окуучуларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүндө ыкчам байланыш номери иштей баштайт.   Телефон аркылуу дистанттык окутуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам, ал эми окуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүлөт.   Эске салсак, 8-апрелден тарта өлкөнүн… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрелге болжолдонуп жатат

Кыргызстанда коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрелге болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Анын айтымында, божомол жүргүзүү үчүн атайын эксперттик топ иштөөдө. Оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт, — деди чиновник. Учурга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан… Кененирээк…

Apple компаниясы күзүндө дароо 4 жаңы айфон тартуулайт

Apple компаниясы күзүндө дароо 4 жаңы айфон тартуулайт. Бул тууралуу “Блумберг” агенттги өз булактарына шилтеме келтирип билдирет. Маалыматка ылайык, бардык смартфондор жаңы муундагы 5G тармагына кошулган болот.   Коронавирус пандемиясынан улам, жаы айфондор 1-2 жумага кечиктирилип тартууланышы мүмкүн.

Дистанциондук окутуу ийгиликтүү башталды

Дистанциондук окутуу ийгиликтүү башталды. Мындай пикирин Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын ортосунда, чиновник белгилегендей, өлкөнүн айрым аймактарында интернеттин ылдамдыгы начар болгондуктан, окуучулар байланышка чыга албай калышууда.   Андан тышкары, сыналгысы жок үй-бүлөлөр дагы бар. Уюлдук операторлор менен Интернет байланышын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 8, Чүйдө 1, Жалал-Абадда 2 учур катталды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 430га жетти.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1000ден ашты

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1000ден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.   14-апрелге карата Казакстанда 1091 адам коронавирус жуктурганы маалым. Анын ичинен 138 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12 адам каза болду.

Дүйнөдө коронавирус жете элек 17 өлкө бар

Дүйнөдө коронавирус жете элек 17 өлкө бар. Аларга Түндүк Корея, Түркмөнстан, Тажикстан, Түштүк Судан жана башкалар кирет. Адистердин айтымында, кээ биринде тест системанын жоктугуна байланыштуу дагы коронавирус аныктала элек болушу мүмкүн.   Ал эми айрым мамлекеттердин географиялык жайгашкан жерине байланыштуу вирус жете элек.

Унааларынын ишеним документтеринин мөөнөтү соңуна чыгып бара жаткан айдоочулар документтерин өзгөчө абал режими алынгандан кийин дароо узарта алат

Унааларынын ишеним документтеринин мөөнөтү соңуна чыгып бара жаткан айдоочулар документтерин өзгөчө абал режими алынгандан кийин дароо узарта алат.   Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын басымдуу бөлүмдөрү ишин токтотту. Унаа ээлери керектүү документтерди Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин гана ала алат.