Кыргызстанда коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрелге болжолдонуп жатат

Кыргызстанда коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрелге болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, божомол жүргүзүү үчүн атайын эксперттик топ иштөөдө. Оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт, — деди чиновник. Учурга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.