Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1000ден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.
14-апрелге карата Казакстанда 1091 адам коронавирус жуктурганы маалым. Анын ичинен 138 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12 адам каза болду.