Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүү учурунда башка багыттагы иштерди дагы улантууда
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүү учурунда башка багыттагы иштерди дагы улантууда. Ведомство жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев ишендиргендей, вируска байланыштуу иштерди атайын түзүлгөн ыкчам штаб жүргүзүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башка кызматкерлери өз милдетин аткарып, калкка тиешелүү кызматын көрсөтүүдө, — деди Үсөнбаев.