Өзгөчө абал режими Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди.
Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.
Ага караганда, 18-марттан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирустун
430 учуру катталса, анын ичинде беш бейтап Нарын шаарына,
19у Ат-Башы районуна туура келет. Өзгөчө абал режими аталан аймактарда
эртеңден тартып 30-апрелге чейин күчүндө болот. Облустук ички иштер
башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Аалиев комендант болуп дайындалды.