Өлкө мектептеринде аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылбайт

Өлкө мектептеринде аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылбайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, учурда бүтүрүүчүлөргө документтерди тапшыруунун жол-жобосу иштелип жатат.

 

Окуучуларды бирден чакырып эле тапшыруу каралууда. Бул коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жасалып жатат. Эске салсак, өлкө мектептеринде быйыл акыркы коңгуроо салтанаты дагы өткөрүлбөйт.