Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 9 адам айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 9 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 5, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Нарында 1 адам ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 735ке жетти.