Кыргызстанда акыркы суткада дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 14, Чүйдө 2, Ошто 1, Жалал-Абадда 4, Нарында 15 учур катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 82ге жетти.