Кембриж университети лекцияларын 2021-жылга чейин жылдырды

Кембриж университети лекцияларын 2021-жылга чейин жылдырды. Студенттер үчүн сабактар онлайн түрүндө өтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 

Муну менен катар эле эпидемия учурунда бардык студенттер шаарчалары жабылган. Сабактар жана сынактар март айынан баштап онлайн түрүндө өткөрүлүүдө.

Университет жетекчилиги жакынкы күндөрү өтө чоң эмес топтор болуп сабак өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөт.

 

«Университет пандемия абалында улам өзгөрүп жаткан жагдайларга ыңгайлашып жатат. Лекцияларды жылдыруу чечими абалга жараша өзгөрүшү мүмкүн», — деп билдирген университет жетекчилиги.