Бишкекте веложолчолорду куруу алдына жер тилкелерин бошотуу процесси жүрүүдө

Бишкекте веложолчолорду куруу алдына жер тилкелерин бошотуу процесси жүрүүдө. Шаар бийлигинен эске салышкандай, учурда Манас, Чүй проспектилери жана Байтик Баатыр көчөсүн камтыган веложолчонун курулушу жүрүүдө.

 

Анын алкагында тоскоолдук жараткан объектилер, конструкциялар жана мыйзамсыз курулуштар бар. Алар түрттүрүлүп жатат.