Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды

Облустук штаб Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматовдун төрөт үйдү обсервация катары колдонуу чечимин жокко чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

 

Маалыматта мындай чечимге жергиликтүү элдин нааразы болгону кабарланган. Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан буга чейин облустук штабга обсервация үчүн ылайыктуу делген сегиз имараттын тизмеси берилгенин, бирок анда аталган жай жок болгондугун айтышты.

Оорулар менен байланышта болгон мобилдик бригаданын (Министрликтин алгоритми боюнча эки апталык карантин өтүшү керек) медициналык кызматкерлерин жайгаштырууну Жети-Өгүз районунун Үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлер борборунун жетекчиси сунуштаган. Кийин ал бир топ талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

 

«Аким менен анын орун басарынын бул маселе боюнча иши канааттандырарлык эмес деген баа берилди. Андан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган борбордун жетекчисин административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча кат жөнөтүштү. Буга себеп анын төрөт үйдү обсервацияга колдонуу керек деп жаңылыш пикирди жаратканы жана министрликтин буйругун туура эмес түшүнүп алып, жаңылыш чечим кабыл алганы болду», — деп айтышты штабдан.

Ал жактан төрөт үйү обсервация катары пайдаланылган эмес, ал эми кош бойлуу аялды башка жакка которушкан дешти.