Кыргызстанда 2 миң 439 үй-бүлө мамлекеттен ссуда, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жашап келет

Кыргызстанда 2 миң 439 үй-бүлө мамлекеттен ссуда, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жашап келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди. Анын айтымында, аларга жылына бир нече жолу берген эскертүү берилет.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айындагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип келет.