Ордо калаадагы ишин жандаткан ишканаларда санитардык талаптардын аткарылышын мобилдик бригадалар текшерет

Ордо калаадагы ишин жандаткан ишканаларда санитардык талаптардын аткарылышын мобилдик бригадалар текшерет. Мэриянын маалыматына ылайык, алар ар бир акимиатта укук коргоо жана райондук администрация кызматкерлеринен түзүлдү.

 

Мобилдик топтор базарларды, дүкөндөрдү, сулуулук салондорун жана башка объектилерди текшерип жатат. Санитардык талаптарды аткарбаган объект ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.