Бишкек мэриясы түнкүсүн ызы-чуу чыгарууга тыюу салуу ниетинде. Ага ылайык, түнкү саат 11ден кийин физикалык жана юридикалык жактарга белгиленген көрсөткүчтөн ашкан үндөрдү чыгарууга тыюу салынат.
Эреже көп кабаттуу үйлөргө, турак-жай алдындагы аймактарга, билим берүү жана медициналык мекемелерге, социалдык жана калыбына келтирүү кызматтарын көрсөткөн уюмдарга тиешелүү болот. Токтом долбоору Бишкек шаардык кеңештин кароосуна чыгарылды.