Унаа жана жолдор министрлигинин 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Унаа жана жолдор министрлигинин 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, алардын катарында  “Бишкек-Ош” унаа жолу дирекциясынын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринин башчылары да бар. Шектүүлөр автоматташтырылган система аркылуу айдоочулардан бекитилген тариф боюнча акы алып турган. Кийин маалыматты… Кененирээк…

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин азык-түлүк 7 пайызга кымбатташы күтүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин азык-түлүк 7 пайызга кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын макроэкономикалык саясаты жөнүндө отчетунда айтылат. Бааларынын жогорулашы өлкөдө киргизилген өзгөчө абал жана кырдаал режиминен улам азык-түлүк товарларына суроо-талап көбөйгөнү жана АКШ доллары кымбаттаганы себеп. Инфляциянын жогорку чекке жеткен көрсөткүчү ички жана тышкы… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң унаа жолу” өткөрүү түйүнү иштеп баштады

“Кең-Булуң унаа жолу” өткөрүү түйүнү иштеп баштады. Пункт бир гана бош жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн ачылды, — дешти Мамлекеттик чек ара кызматынан. Муну менен башка өткөрүү түйүндөрүндөгү жүк ташуучу унаалардын кезек күтүү маселеси чечилет. Учурда Казакстан менен 4 чек ара түйүнү иштеп жатат, алар… Кененирээк…

Быйыл битир-садакадан 9,5 миллион сом чогулду

Быйыл битир-садакадан 9,5 миллион сом чогулду. Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, акчалардын 40 пайызы муфтияттын эсебине келип түштү, 50 пайызы жергиликтүү мечиттерге жана калган 10 пайызы облустук казыяттарга берилди. Акчалар муктаж жарандарга таратылып берилет. Белгилеп кетсек, былтыр битир-садакадан 33 миллион сом чогулган.

5 спортчу “Кыргызстандын спорт чебери” наамын алды

5 спортчу “Кыргызстандын спорт чебери” наамын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, беделдүү документтер триатлон, шахмат жана грэпплинг боюнча тапшырылды. Спортчулар аталган наамга 2016-жылы кабыл алынган бирдиктүү классификацияга ылайык ээ болушту.

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжи менен беттешке чыгышы ыктымал

UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов наамын коргоо үчүн Жастин Гэтжи менен беттешке чыгышы мүмкүн. Беттеш 19-сентябрда өтүшү ыктымал. Азырынча турнир өтө турган орду аныктала элек. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Лас-Вегас же Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн. 2020-жылы 10-майда жеңил салмактагы убактылуу чемпиондук кур үчүн мушкер… Кененирээк…

Карантин учурунда топтолгон ашыкча салмактан арылуунун жолдору айтылды

Карантин учурунда топтолгон ашыкча салмактан арылуунун жолдору айтылды. Диетологдор билдиришкендей, карантин учурунда адамдар аз кыймылдап, көбүрөөк тамак жеп жатты.   Бул сөзсүз түрдө ашыкча салмакка алып келди. Андыктан, учурда арыктоону каалап жаткандар үчүн кафе-ресторандарда тамактанбай, калориясы аз даамдарды өз алдынча жасап жеген туура болот. Балык,… Кененирээк…

Бишкекте жаңы конуштарга жарык өткөрүү уланууда

Бишкекте жаңы конуштарга жарык өткөрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ирет жаңы шамчырактар Кара-Жыгач конушунда пайда болду. Адистер 8 миң метр электр өткөрүү линияларын тартып, 270 даана шамчырак орнотушту.   Кошумчалап кетсек, көчө жарыгы боюнча арыздар “Бишкексвет” муниципалдык ишканасында кабыл алынууда.

Кыргызстандагы туруксуз аба-ырайы куткаруучуларга жана жарандарга көптөгөн маселелерди жаратты

Кыргызстандагы туруксуз аба-ырайы куткаруучуларга жана жарандарга көптөгөн маселелерди жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Чүй облусунун Бир-Булак айылында нөшөрлөгөн жаандан кийин бир нече үйлөрдү суу каптап, ички жолдор бузулду.   Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана Ысык-Көлдүн Тоң районунда жааган мөндүр эгин талааларын, мөмө… Кененирээк…

Өзбекстан коронавирусту дарылоодо өзүнөн чыккан дарыны колдоно баштайт

Өзбекстанда сасык тумоого каршы чыккан «Рутан» препараты эми аталган мамлекетте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоого да колдонулат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлигинин сайтында жазылган.   Өзбекстанда коронавирус биринчи ирет 15-мартта аныкталган. Азыркы тапта вирус жуктургандардын саны 4,5 миңден ашып, анын 3 миңден көбү айыкты. «Сасык тумоого каршы… Кененирээк…