5 спортчу “Кыргызстандын спорт чебери” наамын алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
беделдүү документтер триатлон, шахмат жана грэпплинг боюнча тапшырылды.
Спортчулар аталган наамга 2016-жылы кабыл алынган
бирдиктүү классификацияга ылайык ээ болушту.