Карантин учурунда топтолгон ашыкча салмактан арылуунун жолдору айтылды

Карантин учурунда топтолгон ашыкча салмактан арылуунун жолдору айтылды. Диетологдор билдиришкендей, карантин учурунда адамдар аз кыймылдап, көбүрөөк тамак жеп жатты.

 

Бул сөзсүз түрдө ашыкча салмакка алып келди. Андыктан, учурда арыктоону каалап жаткандар үчүн кафе-ресторандарда тамактанбай, калориясы аз даамдарды өз алдынча жасап жеген туура болот. Балык, тоок эти жана мөмө-жемиштерге ыктаган оң. Андан тышкары, суу, көк чайды көбүрөөк ичүү керек.