Кыргызстандагы туруксуз аба-ырайы куткаруучуларга жана жарандарга көптөгөн маселелерди жаратты

Кыргызстандагы туруксуз аба-ырайы куткаруучуларга жана жарандарга көптөгөн маселелерди жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Чүй облусунун Бир-Булак айылында нөшөрлөгөн жаандан кийин бир нече үйлөрдү суу каптап, ички жолдор бузулду.

 

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана Ысык-Көлдүн Тоң районунда жааган мөндүр эгин талааларын, мөмө бактарды жабыркатты. Учурда жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, келтирилген зыянды эсептеп жатат.