Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылат

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, 6-июлдан тартып Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн 105 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча архивдер аралыктан иштөөгө өтүүдө. Регионалдык архивдердин ишин координациялоо жана к өзөмөлдөө үчүн борбордук архивде чектелген кызматкерлердин тобу… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын 3 бөлүмү 2 жумалык карантинге жабылды

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын 3 бөлүмү 2 жумалык карантинге жабылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, кеп, Бишкек шаардык бөлүм, Аламедин жана Ысык-Ата райондук түйүндөр тууралуу болуп жатат. Бул даректегилер 6-июлдан 19уна чейин ишин токтотту. Мындай чара Бишкек жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам кабыл алынды.

БШК партияларга пандемия шартында үгүттөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берди

БШК партияларга пандемия шартында үгүттөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Шайлоо кампаниясы 4-сентябрда старт алып, 3-октябрда эртең мененки саат 8де токтойт. Партияларга үгүттөө материалдарын жайгаштырууга аймактык шайлоо участкаларынан орун берилет. Мындан тышкары, добуш берүүчү талапкерлердин тизмеси жана алардын программалары менен www.shailoo.gov.kg сайтынан тааныша алат. Порталда шайлоо… Кененирээк…

Алай районунда алгачкы ирет бала бакча пайда болот

Алай районунда алгачкы ирет бала бакча пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, курулуш иштерине республикалык бюджеттен 23,5 миллион сом бөлүндү. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 90 орундуу болуп, 2 айылдын балдарын өзүнө батыра алат. Имараттын курулушу былтыр башталган. Ал ушул ноябрда пайдаланууга берилишикүтүлүүдө.

Ош шаарында бет кабы жок жүргүнчүлөр коомдук унаадан түшүрүлүп жатат

Ош шаарында бет кабы жок жүргүнчүлөр коомдук унаадан түшүрүлүп жатат. Текшерүүлөрдү жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин комиссиясы жүргүзүүдө. Анын алкагында троллейбус, автобус жана маршруттук таксилердин айдоочуларына жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери аткарылып жатат. Агенттиктен белгилешкендей, жүргүнчүлөр бет кап сатып алып кайра сапарын уланта алат.

Россиянын Оренбург облусунан 963 кыргызстандык автобус менен алынып келди

Россиянын Оренбург облусунан 963 кыргызстандык автобус менен алынып келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандар бүгүн 20 автобус менен өлкөгө жеткирилди. Дагы 12 автобус менен 533 жаран Казакстандын жол полициясынын коштоосунда келе жатат. Ведомстводон белгилешкендей, Россияда жүргөн кыргызстандык жарандар чек аралар ачылганга чейин өз алдынча жолго… Кененирээк…

Алайда жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-июлда Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин титиреши Алай районунун Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилди. Алайда 2-июлда да жер титиреген, күчү 2,5 баллга жеткен. Быйыл январь айында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү… Кененирээк…

Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки балыкчы бир айдан бери дайынсыз болууда

Жумгал районунда Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки балыкчы бир айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, ал эки балыкчы – 42 жана 43 жаштагы эркек кишилер 5-июнь күнү Өрнөк айылында балык уулоого кетип, ошондон бери дайынсыз болууда. Учурда дайынсыз… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы тууралуу жарыялады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы тууралуу жарыялады. Ведомство маалыматына ылайык, аймактын басымдуу бөлүгүндө жуманын аягына чейин жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй жана Ысык-Көл облусунда жаан нөшөрлөп жаайт.   Өлкө боюнча аба табы дагы төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарты мал жаюуга жана байланыш, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишине… Кененирээк…

Боршайком добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмесин түздү

Боршайком добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмесин түздү. Бүгүнкү күнгө карата  анда 3 миллиондон ашык адам катталган. Жарандар тизмеде өздөрүнүн бар-жоктугун 16-июлдан тарта  www.tizme.gov.kg сайтынан текшерип алса болот.   Эгер тизмеде жок болсо, же маалымат туура эмес болсо, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек. Добуш берүүчүлөрдүн… Кененирээк…