Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-июлда Ош облусунун аймагында
очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин титиреши Алай районунун Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилди.
Алайда 2-июлда да жер титиреген, күчү 2,5 баллга жеткен.
Быйыл январь айында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү
төрт баллга жеткен жер титирөө Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилген болчу.
Такталган маалымат боюнча, кыйраган жана жабыркагандар катталган жок.