Кошумча жалпы республикалык тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Кошумча жалпы республикалык тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул тестирлөө июнь айында өз мөөнөтүндө сынакка катышпай калгандар үчүн уюштурулат. Бүгүн абитуриенттер негизги тестти тапшырса, эртең предметтик сынактан өтүшөт. Жыйынтыктар тууралуу сертификат Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунда жана Оштогу… Кененирээк…

Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү быйыл оңдоп-түзөөдөн өтөт

Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү быйыл оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мекеменин директору Бактыгүл Исаева билдиргендей, капиталдык оңдоо иштери август айында башталат. Анын айтымында, медициналык мекемеде кайра калыбына келтирүү иштери жасалбаганы менен бардык шарттары бар. Изолятор, бокс, өзүнчө чыга турган эшиктери ишке жарамдуу. Белгилеп кетсек, медициналык имарат… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда санитардык талаптарды сактабаган 2 миң 51 ишкана аныкталды

Жалал-Абад облусунда санитардык талаптарды сактабаган 2 миң 51 ишкана аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, аларга салынган айыптын жалпы суммасы дээрлик 300 миң сомго жетти. Учурда жергиликтүү администрацияларга жана башчыларга калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди. Текшерүү иштери дагы улантылат.

Бишкекте күндүзгү стационарлар жаңы конуштарда да пайда болду

Бишкекте күндүзгү стационарлар жаңы конуштарда да пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, Ак-Босого конушунда, “Сейтек” мектебинде, Дордой 13 көчөсүндөгү №94-мектепте, Токтогул тилкесиндеги №68-мектепте жана Аламүдүн-1 кичирайонундагы №38-мектепте ачылды. Аларда жалпысынан 220 орун камсыз. Аталган жайларга саламаттыгы начарлаган жарандар кайрылса болот. Белгилеп кетсек, Бишкекте 9 күндүн аралыгында стационарларга… Кененирээк…

Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары азайды

Чет өлкөдөгү мигранттар 2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 699,32 млн. доллар акча которушту. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды. Былтыр беш айда өлкөгө 934,77 млн. доллар жөнөтүлгөн жана быйылкы көрсөткүч андан 235 млн. долларга аз болду. 2020-жылдын июнь-июль айларындагы сандар эсептелип бүтө элек. Быйыл беш айдын… Кененирээк…

Румынияда жагымсыз жыттарга мыйзамдуу түрдө тыюу салынды

Румынияда жагымсыз жыттарга мыйзамдуу түрдө тыюу салынды. Анын деңгээлин айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги көзөмөлдөйт. Эгер үйдө жасалып жаткан тамактын жыты короого чыкса, тургун айыпка тартылат.   Анын суммасы 6 миң евродон 17 миңге чейин жетет.

Бишкектин ар бир районунда эми түнкү стационарлар дагы ачылат

Бишкектин ар бир районунда эми түнкү стационарлар дагы ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ага ылайык, 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинин базасында бир стационар даярдалды.   Учурда асма уколдор үчүн жабдуулар орнотулуп, медиктерди чогултуу иштери жүрүп жатат. Эске салсак, шаарда   12 күндүзгү стационар иштеп жатат.   Аларда… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасы дагы 4 бөлүмүн карантинге жапты

“Унаа” мамлекеттик ишканасы дагы 4 бөлүмүн карантинге жапты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, кеп Бишкек аймак аралык жана Военно-Антоновка, Сокулук, Москва жана Кемин райондорунун бөлүмдөрү тууралуу болуп жатат.   Ошондой эле, Талас, Токмок шаардык бөлүмдөрү жарандарды убактылуу тейлебейт. Калган бөлүмдөр кадимки режимде иштеп жатат.

Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн аймагына кирүү эрежелерин күчөттү

Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн аймагына кирүү эрежелерин күчөттү. Аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, корей бийлиги коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдүн тургундары үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан.   Чектөөлөр Бангладеш, Казакстан, Кыргызстан жана Пакистан мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү. Кыргызстандыктар тапшырган тести таза чыккандыгы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек.

Ысык-Көл суусу бардык талаптарга жооп берет

Ысык-Көл суусу бардык талаптарга жооп берет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги жээктеги сууну анализден өткөрүштү. Экологдор анын температурасын, азоттун сапатын жана башка компоненттерди текшерди.   Белгилеп кетсек, Ысык-Көлдүн суусу жылына 3 жолу текшерилип турат.