“Унаа” мамлекеттик ишканасы дагы 4 бөлүмүн карантинге жапты

“Унаа” мамлекеттик ишканасы дагы 4 бөлүмүн карантинге жапты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, кеп Бишкек аймак аралык жана Военно-Антоновка, Сокулук, Москва жана Кемин райондорунун бөлүмдөрү тууралуу болуп жатат.

 

Ошондой эле, Талас, Токмок шаардык бөлүмдөрү жарандарды убактылуу тейлебейт. Калган бөлүмдөр кадимки режимде иштеп жатат.