Бишкектин ар бир районунда эми түнкү стационарлар дагы ачылат

Бишкектин ар бир районунда эми түнкү стационарлар дагы ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ага ылайык, 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинин базасында бир стационар даярдалды.

 

Учурда асма уколдор үчүн жабдуулар орнотулуп, медиктерди чогултуу иштери жүрүп жатат. Эске салсак, шаарда   12 күндүзгү стационар иштеп жатат.

 

Аларда тогуз күндүн ичинде дээрлик 24 миң адам кабыл алынган.