Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү быйыл оңдоп-түзөөдөн өтөт

Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү быйыл оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Мекеменин директору Бактыгүл Исаева билдиргендей, капиталдык оңдоо иштери август айында башталат.

Анын айтымында, медициналык мекемеде кайра калыбына келтирүү иштери жасалбаганы менен

бардык шарттары бар. Изолятор, бокс, өзүнчө чыга турган эшиктери ишке жарамдуу.

Белгилеп кетсек, медициналык имарат мындан 80 жыл мурда курулган.