Кыргызстанда келерки окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып билим алышы мүмкүн

Кыргызстанда келерки окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып билим алышы мүмкүн

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, бул маселени тийиштүү

органдар карап жатат. Биринчи чейрек аралыктан окутулат, андан кийинкилерине эпидемиологиялык

абалга жараша чечим кабыл алынат. Белгилеп кетсек, 25-июнга карата ата-энелер тарабынан

19 миңден ашык арыз түшүп, 13 миң 820 бала 1-класска кабыл алынды. Кабыл алуу 1-сентябрга

чейин уланат. Кыргызстанда 2 миңден ашык мектеп бар анда 1 миллионго жакын окуучу билим алат.