Америкалык Apple корпорациясы дүйнөдөгү эң кымбат бренд аталды

Америкалык Apple корпорациясы дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин сап башына чыкты. Компания 241 миллиард долларга бааланат. Forbes басылмасы түзгөн рейтингге караганда, экинча орунда 207 миллиард доллар менен Google жайгашат. Рейтингдин үчилтигин 163 миллиард доллар менен Microsoft бекитсе, андан кийин Amazon компаниясы 135 миллиард доллар менен турат.… Кененирээк…

Эдгар Бернхардт «Дордой» футбол клубуна кирди

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт «Дордой» футбол клубуна кирди. Келишим ушул сезондун аягына чейин түзүлдү. Бернхарт жаңы командасында 28-номер менен ойнойт. Кошумчаласак, 34 жаштагы жарым коргоочу Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногон. Ал 2015-жылы Кыргызстан улуттук… Кененирээк…

Беларустан Кыргызстанга 137 жаран кайтарылды

Беларустан Кыргызстанга 137 жаран кайтарылды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү учак менен келген жарандардын тизмеси Европа мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлдү. Кайтарылган жарандардын арасында Беларус, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция, Финляндия, Украинада билим алган студенттер бар. Чет өлкодөгү мекендештерди кайтаруу иштери тынымсыз… Кененирээк…

Италиянын «Лацио» футболдук клубунун чабуулчусу Чиро Иммобиле «Алтын бутса» сыйлыгын утту

Италиянын «Лацио» футболдук клубунун чабуулчусу Чиро Иммобиле «Алтын бутса» сыйлыгын утту. РИА Новости билдиргендей,  Римдик команда өлкө чемпионатынын акыркы турунда «Наполи» менен кездешип, 3:1 эсебинде жеңилди. Беттештин биринчи бөлүгүндө Иммобиле гол киргизип, быйылкы сезондо жараткан голдорунун санын 36га жеткирди. Муну менен Чиро Иммобиле Европада Топ 5-лиганын… Кененирээк…

Кыргызстанга дагы 423 жаран Россиядан жеткирилди

Кыргызстанга дагы 423 жаран Россиядан жеткирилди. Учак Москва – Бишкек каттамы боюнча жүргүзүлдү, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Маалыматка караганда, анда 41 жаш балдар да бар. Каттамга студенттер, кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, мындан тышкары саламаттыгы начар мекендештер киргизилди.

Россия Кыргызстанга 50 миллион рублден ашык суммага гуманитардык жардам көрсөттү

Россия Кыргызстанга 50 миллион рублден ашык суммага гуманитардык жардам көрсөттү. Республикалык штабдан билдиришкендей, кайтарымсыз негизде берилген жардам кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрмө посту аркылуу жеткирилди. Коргоочу костюм, үч кабаттуу беткап, көз айнек жана башка медициналык каражаттардын жүгү саламаттыкты сактоо министрлигинин кампасына келип түштү.

Ош облусунан 6 ыктыярчы дарыгер Ысык-Көл облусуна кетишти

Ош облусунан 6 ыктыярчы дарыгер Ысык-Көл облусуна кетишти. Адистер өз демилгеси менен аймактагы кесиптештерине коронавирус менен күрөшүп жаткан кесиптештерине жардам беришет. Медициналык топ Каракол шаарындагы облустук ооруканадагы изоляцияда иштейт. Мындан тышкары, 5-августта дагы 2 реанимотолог дарыгер учуп Ысык-Көлгө барат.

Ушул күздөн тартып Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталат

Ушул күздөн тартып Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцинация октябрь айынан тартып жүргүзүлө баштайт. Буга чейин Россияда КОВИД-19га каршы вакцинаны сыноо иштери аягына чыккан.

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. «Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 7ге чейин Салиев, Лермонтов, Целиноградский. Байтик Баатыр, Горький. Элебаев, Киев, Чүй, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5, 6-8-кичирайондордо, ошондой эле Ак-Тилек, Кызыл-Куруучу, Дордой, Ала-Тоо, Ак-Өргө конуштарынын айрым тилкелерине электр… Кененирээк…

Талас районунун Касым Каимов атындагы орто мектеп оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Талас районунун Касым Каимов атындагы орто мектеп оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда иштер 50 пайызга аткарылды. Мекеменин ашканасы капиталдык ремонттон өттү. Мындан тышкары эшик, терезелар алмашырылып, тышкы көрүнүшү жаңыланууда. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына даяр болуп калат. Анда 545 окуучу билим алат. Иштерге… Кененирээк…