Жумгал районунда 3 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат
Жумгал районунда 3 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Райондук жол тейлөө мекемесинен билдиришкендей, учурда Кочкор—Арал жолунун Чаек айылындагы тилкесине асфальт төшөлүүдө. Ал эми Арал—Миң-Куш жолунун Сары-Булуң айылындагы жолдо иштер аяктады. Долбоорго жалпысынан 16,5 миллион сом жумшалат. Жумуштарды жакынкы аралыкта бүтүрүү пландалууда.