Европа Биримдиги Кыргызстанга 12 миллион 690 миң евро бөлүп берет.
Каражат юстиция тармагын реформалоого багытталат.
Анын алкагында кылмыштарды каттоонун адам укугун коргоого багытталган жаңы ыкмалары даярдалып,
Башкы прокуратуранын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистика жүргүзгөн кызматкерлеринин иш жөндөмү жакшыртылат.
Кошумчаласак, 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда «Пробация жөнүндө» мыйзам иштеп баштаган.
Ага ылайык, анча оор эмес кылмыш кылган адамга камалбастан оңолууга мүмкүнчүлүк берилет.