Кара-Кулжада жаңы мектеп колдонууга берилди
Кара-Кулжада жаңы мектеп колдонууга берилди. Сары-Бээ айылында Бегитаев атындагы орто мектептин курулушу аяктады. Эки кабаттуу, 200 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Республикалык бюджеттен бул максатта 39 миллион сом бөлүнүп берилген. Кошумчаласак, Бегитаев атындагы орто мектептин эски имараты 1978-жылы курулуп, эскилиги жеткен.