Казакстан Кыргызстан менен аба каттамды жандантуу сунушун жөнөттү

Казакстан Кыргызстан менен аба каттамды жандантуу сунушун жөнөттү. Коңшу өлкөнүн ММКлары жазгандай, мындай сунуш Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги тарабынан түштү.

 

Бул суроо эми ведомство аралык комиссиянын отурумунда чечилет. Белгилеп кетсек, биздин өлкө Казакстанды жарандарына өлкөгө кирүүгө уруксат берилген тизмеге киргизген. Анын ортосунда, казакстандык туристтердин Кыргызстанга эс алууга келүүсүнө киргизилген тыюу дале күчүндө.